Азия чемпионаты-2024: Кыргызстандын эркин күрөш боюнча курама командасы 3-орунду ээледи

Автор

Эркин күрөш боюнча Азия чемпионатында Кыргызстан жалпы командалык эсепте 3-орунду ээледи. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.
Кыргызстандын намысын он спортчу коргогон. Анда кыргыз балбандары 1 алтын, 1 күмүш жана 2 кол медалга ээ болгон.
Байгелүү орундарга ээ болгондор:
Тайырбек Жумашбек уулу (61 кг) — алтын медаль;
Улукбек Жолдошбеков (65 кг) — күмүш;
Айаал Лазарев (125 кг) — күмүш;
Алибек Осмонов (70 кг) — коло.
Кыргызстан жалпы командалык эсепте 121 упай топтоп, 3-орунду ээледи. Биринчи орунда 190 упай менен Иран, Япония 130 упай менен 2-орунду алды.

Бөлүшүү:
Next Post

Япония Кыргызстанга $7,25 млн грант берет

КР министрлер кабинети менен Япония өкмөтүнүн ортосундагы “Ирригациялык каналдарды күтүү үчүн техника менен жабдууну жакшыртуу” долбоору боюнча алмашуу ноталарын жана КР министрлер кабинети менен JICA ортосундагы “Ирригациялык каналдарды күтүү үчүн техника менен жабдууну жакшыртуу” долбоору боюнча гранттык макулдашууну ратификациялоо жөнүндө” мыйзамга кол коюлду Президент Садыр Жапаров “2023-жылдын 20-ноябрында Токио шаарында […]

Сизге жагышы мүмкүн