БУУ Украинаны калыбына келтирүүгө кеткен чыгымды эсептеп чыкты

Автор

БУУнун эсеби боюнча, 2023-жылы Украинада согуштук аракеттерден жапа чеккен өлкөнүн инфраструктурасын калыбына келтирүүгө кеткен чыгым өстү. Уюм бул үчүн зарыл болгон сумманы 411 миллиард долларга баалады.
БУУнун маалыматы боюнча, 2022-жылы Украинанын экономикасы өнөр жай потенциалынын жана энергетикалык инфраструктурасынын көбүн жоготуп, 2022-жылы 29,1 пайызга кыскарган.
Марттын аягында Дүйнөлүк банк Украинаны калыбына келтирүүнүн болжолун 411 миллиард долларга чейин көтөргөн. Буга чейин аны 349 миллиард доллар деп баалаган. 4-майда Украинанын президенти Владимир Зеленский аскердик жаңжалдан өлкөсүнө келтирилген зыянды 400 миллиард доллар деген.

Бөлүшүү:
Next Post

Талкуу жаратып жаткан маселеге чекит коюлат

Президент Садыр Жапаров укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин кызмат учурунда каза болгондо бериле турган кенемтени кайрадан карап чыгууну тапшырды. Мындай маалыматты президенттин маалымат катчысы Эрбол Султанбаев билдирди. “Компенсация суммасы бюджетке оорчулук келтирбей тургандай жана укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин үй – бүлөлөрүнө колдоо болгудай кылып мыйзамдарга тийиштүү өзгөртүүлөрдү киргизүү сунушун берүү тапшырмасы […]

Сизге жагышы мүмкүн