Йоддоштуруу программасы ишке киргенден бери 70 бала ооруканага жатты

Автор

Өзбекстанда 70тен ашык бала ууланып ооруканага түшкөн. Булар Наманган облусундагы тогуз бала бакчанын тарбиялануучулары жана эки мектептин окуучулары.
Облустук саламаттыкты сактоо башкармалыгы 21-сентябрда саат 16:00дөн баштап райондук медициналык бирикмеге 71 бала түшкөнүн билдирди. Алардын дене табы көтөрүлүп, кээ бирлери ичтери ооруп, кусушкан. Аталган башкармалык иликтөө иштерин баштады.
Өзбекстандын расмий мамлекеттик органдары балдар так эмнеден ууланганын так айта элек. Ата-энелер бул йод препараты болушу мүмкүн экенин болжолдошууда. Ушул жумадан тарта Өзбекстанда балдарды йоддоштуруу программасы ишке кирген.
Башкармалыктын билдирүүсүндө йод препараты менен уулануу версиясы такталып жатканы айтылат. Саламаттыкты сактоо министри абалды жеке көзөмөлүнө алды.
20-сентябрдан баштап бардык мектептерде жана бала бакчаларда йоддоштуруу программасы башталган. Балдарды йоддун жетишсиздигинен коргоо үчүн профилактикалык дозада йод таблеткалары берилип жатат.

Бөлүшүү:
Next Post

ФИФА рейтинги: “Ак шумкарлар” бир сапка жогору көтөрүлдү

Футбол боюнча Кыргызстандын курама командасы ФИФАнын рейтингинде бир сапка жогору көтөрүлүп, 96-орунга жайгашты. Бул тууралуу Кыргыз футбол бирикмесинен билдиришти. 21-сентябрда ФИФА дүйнөдөгү футбол боюнча улуттук курама командалардын тизмесин жаңылады. Кыргызстандын улуттук курама командасы 208 команданын ичинен 96-орунга жайгашты. Буга чейин “Ак шумкарлар” 95-орунда келе жаткан. Ал эми тизменин башында Аргентина, […]

Сизге жагышы мүмкүн