Аптанын икаясы: Ар бир иште жакшылык бар!

Автор

Аптанын икаясы: Ар бир иште жакшылык бар
Күндөрдүн биринде бир киши деңизде кемеси чөгүп, аны толкундар ээн аралга түртүп чыгарат. Ал кыйраган кемеден жалгыз тирүү калып, Кудайдан сактап калуусун тиленет. Жардамга сүзүп келген кемени көрөм деген үмүт менен күн сайын горизонтко көз чаптырат.
Акыры абдан чарчап калган адам кеме кыйрагандан кийин жээкке чыгып калган тактайлардан өзүнө кепе куруп алат. Бирок бир күнү тамак издеп, жээкке кайтып келсе анын кепеси күйүп жаткан болот. Түтүн асманга мамыча менен бийик көтөрүлүп жатыптыр.
Эң жаманы, анын калган буюмдарынын баары алачык менен кошо күйүп кетет. Эч нерсеси жок калган адам андан ары үмүтсүздүк менен ачуусуна чыдабай:
– Кудай, сен мага муну кантип жасадың? – деп ыйлап жиберет.
Бирок, эртеси эртең менен аны кеменин ышкырыгы ойготот. Караса аны куткарууга кеме аралга келиптир.
– Менин бул жерде экенимди кайдан билдиңер? – деп сурады киши куткаруучуларга.
«Биз түтүн сигналын көрдүк», – деп жооп беришет алар.
Орузчадан оодарган М.Исатов

Бөлүшүү:
Next Post

Сасык тумоодон коргонуунун жөнөкөй жолдору

Сасык тумоодон коргонуунун жөнөкөй жолдору: Колуңузду дайыма жууп туруңуз! Таза кол көптөгөн инфекциялардын, анын ичинде сасык тумоонун алдын алууга жардам берет. Колдун гигиенасын сактоо – өзүңүздүн жана үй-бүлө мүчөлөрүңүздүн ден соолугун коргоонун оңой жолу болуп эсептелинет. Көзүңүзгө, мурунуңузга жана оозуңузга тийбеңиз. Көз, мурун жана ооз грипптин вирусунун организмге кирүү жолдору […]

Сизге жагышы мүмкүн