Талапка жооп бербеген мал базарлар жабылды

Автор

Кыргызстанда талапка жооп бербеген 11 мал базар жабылды. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдиришти.

 

Маалыматка ылайык, КР өкмөтүнүн 2017-жылдын «Ветеринария жаатындагы актыларды бекитүү жөнүндө» токтомуна ылайык, республика боюнча жалпы 58 мал базар каттоодон өткөн. Анын ичинен бүгүнкү күндө 47 мал базар ветеринардык-санитардык экспертизадан өтүп, 11 мал базар талапка жооп бербегендиги үчүн айып пул салынып, убактылуу жабылды.

 

Буга чейин Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Кыргызстандагы мал базарлардын абалын кескин сынга алып, жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө базарлардын шартын жакшыртып, чукул арада асфальт төшөө тапшырмасы берген

Бөлүшүү:
Next Post

Жабырлануучу Жаныбек Абировду кечирип, тосмо арыз жазды

Жогорку Кеңештин депутаты Жаныбек Абиров сабаган жаран тосмо арызын жазып, кечирди. Бул тууралуу депутат Жусупбек Коргонбай уулу журналисттерге билдирди. «Мен бүгүн уктум, жабырлануучу тарап тосмо арыз жазып, жарашышыптыр. Жарашкан нерсени козгоонун кереги жок. Бирок, анын кылганын туура эмес деп эсептейм. Эми мындай жагдайга ар бир жаран кабылып калышы ыктымал», — […]

Сизге жагышы мүмкүн