Кыргызстанда ВИЧти 13 256 адам алып жүрөт

Автор

2024-жылдын 1-январына карата Кыргызстанда 13 256 адам ВИЧ инфекциясын алып жүрөт. Бул тууралуу Кан аркылуу жугуучу вирустук гепатитке жана ВИЧке каршы күрөшүү борборунун маалыматында айтылат.
Булардын ичинен 735 адам башка мамлекеттердин жараны. Ал эми 12 054 адам кыргызстандыктар. ВИЧ инфекциялуу бейтаптардын 7571и — эркектер, 4473ү аял. Илдетке 755 бала чалдыккан.
Расмий каттоого алынгандардын арасынан 3233 адам кайтыш болгон.
Ооруга кабылгандардын эң көбү Чүй облусунда, Бишкек шаарында жана Ош облусунда.
Кыргызстанда жыл сайын 800 миңге жакын адам акысыз текшерүүдөн өткөрүлүп турат. Вирус аныкталгандарга эл аралык донорлордун көмөгү менен дары-дармек акысыз берилет. Ал дарылар вирусту биротоло жок кылбайт, бирок дарттын өтүшүп кетишинен сактайт.
Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун маалыматында, жер жүзүндө ВИЧ жугузган 40 миллиондой адам катталган. Дарт дүйнөдө алгач 1981-жылы, Кыргызстандагы биринчи учур 1996-жылы катталган.

Бөлүшүү:
Next Post

Губернатор чек арага дубал тургузулуп жатканын көрсөттү

Техас губернатору Грег Эбботт Мексика менен чек арага дубалдын курулушу тартылган видеону жарыялады. Ал Техасты өзүнүн дубалы бар биринчи штат деп атады. Курулушту улантууга чечкиндүүлүгүн баса белгилеп, башка губернаторлор чек араны коргоо аракеттерин колдой турганын айтты. Алардын баамында мыйзамсыз мигранттар АКШга чек ара аркылуу, анын ичинде Техас штатына көп санда […]

Сизге жагышы мүмкүн