Саясий оюндар али алдыдабы?

Автор

Испанияда дарыланып жаткан Алмазбек Атамбаев күздө үлкөн өзгөрүүлөрдү күтүп жатканы боюнча тарапташтарына шыбыраганын айрым ММКлар жазып чыгышты. Коомчулук болсо, “ал кайда жүрбөсүн жөн жатпайт. Алмазбек Атамбаев саясий интригаларды жакшы өздөштүргөн саясатчы”, – деген пикирлерин билдиришүүдө. Дарылануусу аяктап, Кыргызстанга келгенден кийин кээ бир саясий фигуралар менен жолугушаары тар чөйрөдө айтылууда. Учурда саясий чөйрөдөн сыртта калган саясатчы Мелис Мырзакматовго да, эски күндөрдү унутушалы деген таризде салам дубайын жолдошу мүмкүн деген пикирлер басымдуулук кылат. Анда, кудаасы Мелис Турганбаев менен эски өнөктөшү Артур Медетбековдун абалы эмне болот?

Бөлүшүү:
Next Post

Транспорттук кыймыл толугу менен токтоду

Грецияда поезддердин, кемелердин, учактардын жана коомдук транспорттун кыймылы токтотулду. Тургундар өлкө тарыхындагы адам өмүрүн алган темир жол кырсыгына нааразы болушууда. 28-февралда поезддин кагылышынан 57 адам көз жумган. Каргашалуу окуядан кийин өлкө боюнча миңдеген демонстрациялар өттү. Эми жеке жана мамлекеттик сектордогу эң ири профсоюздар 24 сааттык иш таштоого чыгышты. Мектептер жана […]

Сизге жагышы мүмкүн