Санкт-Петербург шаарында Кыргызстандын Башкы консулдугу ачылды

Автор

Санкт-Петербург шаарында Кыргызстандын Башкы консулдугу ачылды. Бул тууралуу КР тышкы саясий ведомствосунан билдиришти.

Маалыматка ылайык, консулдук Россия менен экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташууну мындан ары өнүктүрүү, ошондой эле Кыргызстандын жарандарынын Россиянын аймагында жүрүүсү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү максатында ачылды.

Башкы консулдуктун консулдук округуна Карелия Республикасынын, Коми Республикасынын, Архангельск, Вологда, Калининград, Ленинград, Мурманск, Новгород, Псков облустарынын жана Санкт-Петербург шаарынын аймактары кирет.

Жогорудагы консулдук округда жүргөн кыргыз жарандары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген консулдук кызматтын бардык түрлөрү боюнча Башкы консулдукка кайрыла алышат.

Башкы консулдук төмөнкү даректе жайгашкан: Санкт-Петербург шаары, Верейская 9 көчөсү (метро станциялары: Пушкинская жана Технологический институт).

 

Телефон: +78124182422

 

Ыкчам байланыш телефону: +78124182422

 

Электрондук дареги: kgstpetersburg@mfa.gov.kg.

 

Жарандарды кабыл алуу күн сайын Эмгек кодексинде жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген жумушчу күндөрү (дүйшөмбү-жума) саат 09.00дон 13.00го чейин жана 14.00дон 18.00го чейин жүргүзүлөт.

Бөлүшүү:
Next Post

Президент Атомдук электр станцияларын куруу боюнча референдум өтөөрүн айтты

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев 1-сентябрда парламенттин палаталарынын биргелешкен жыйынында элге кайрылуу жасады. Ал өлкөдө атомдук электр станциясын куруу маселеси жалпы элдик референдумга коюла турганын айтты. «2019-жылы шайлоо алдындагы платформамда эң маанилүү стратегиялык маселелер боюнча чечимдер референдум аркылуу кабыл алынат деп убада бергем. Атомдук электр станциясын куруу же куруудан баш тартуу […]

Сизге жагышы мүмкүн