Садыр Жапаров 9-11-июль күндөрү Монголияга барат

Автор

Президент Садыр Жапаров 9-11-июлда өлкөнүн президенти Ухнаагийн Хурэлсухтун чакыруусу менен Монголияга мамлекеттик сапар менен барат. Бул тууралуу президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев билдирди.

«Бул сапардын алкагында Садыр Жапаров Монголиянынпрезиденти Ухнаагийн Хурэлсух, премьер-министр Лувсаннамсрайн Оюун Эрдэнэ, Монголиянын Улуу Мамлекеттик Хуралынын Төрагасы Гомбожавын Занданшатар менен эки тараптуу жолугушууларды өткөрөт.

Тараптар Кыргызстан менен Монголиянын ортосундагы соода-экономикалык, инвестициялык, маданий-гуманитардык тармактардагы эки тараптуу кызматташтыктын абалын жана мындан аркы өнүгүү келечегин талкуулашат.

Улан-Батор шаарына болгон сапардын алкагында Кыргыз Республикасынын Монголиядагы элчилигинин расмий ачылыш аземи да болот.

Сапардын жүрүшүндө Кыргыз Республикасы менен Монголиянын достук жана кызматташтык мамилелерин тереңдетүү жөнүндө Биргелешкен декларациясына, ошондой эле экономика, санариптештирүү, айыл чарба, курчап турган чөйрөнү коргоо, токой экосистемаларын өнүктүрүү ж. б. чөйрөлөрүндө кызматташуу жөнүндө бир катар эки тараптуу макулдашууларга кол коюлат.

Тараптар ошондой эле Кыргызстан менен Монголиянын ортосундагы соода-экономикалык жана социалдык-гуманитардык байланыштарды бекемдөө максатында Бишкек жана Улан-Батор шаарларынын, Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун жана Монголиянын Хэнтий аймагынын ортосунда боордош байланыштарды түзүү боюнча макулдашууларга кол коюшат», — деп билдирди Муратбек Азымбакиев.

Бөлүшүү:
Next Post

"Түркиялык Месси" : Арда Гүлер "Реал Мадрид"  клубуна өттү

Фенербахченин жарым коргоочусу Арда  Гүлер “Реал Мадрид”  клубуна өттүРеал Мадридге өтүүнү чечти. Ошентип, 18 жаштагы атактуу түрк футболчусу  “Барселонанын”  сунушунан баш тартты. Бул тууралуу түрк басылмалар жазышууда. “Реал Мадрид” жаш футболчу үчүн 20 миллион еврого жакын акча төлөйт. Эске салсак, таланттуу жарым коргоочу болгону 18 жашта. Ошондой эле Фенербахченин Гүлдөрдүн […]

Сизге жагышы мүмкүн