Тоолуу аймактарында кар көчкү түшүшү мүмкүн

Автор

8-апрелде күтүлүп жаткан жаан чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда жана унаа жолдордо кар көчкү түшүү коркунучу бар.
Кыргызгидромет кызматынын билдирүүсүнө ылайык, алар:
Бишкек – Ош унаа жолунун 121-138-чакырымдарында Төө-Ашуу ашуусу, 198-255-чакырымдарында
Чычкан капчыгайы, Ала-Бел ашуусу;
Мырза-Аке – Кара-Кулжа – Алайкуу унаа жолунун 74-107-чакырымдарында;
Ала-Бука – Каныш-Кыя – Кызыл-Адыр унаа жолунун 71-74-чакырымдарында Чапчыма ашуусунда кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт.
Ал эми унаалардын ортосунда 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.

Бөлүшүү:
Next Post

Бишкектеги спорттук күрөш боюнча Азия чемпионаты өтөт

Бишкек шаарында 11-16-апрель күндөрү спорттук күрөш (эркин күрөш, грек-рим күрөшү жана кыз-келиндер күрөшү) боюнча Азия чемпионаты өтөт. Бул тууралуу маалымат жыйынында КР Күрөш федерациясынын президенти Мелис Турганбаев билдирди. Анын айтымында, азыркы учурда чемпионатка катышуу үчүн Азиянын 30дан ашык мамлекеттин өкүлдөру катышат. “Чемпионатка Кыргызстандан Акжол Махмудов, Жоламан Шаршенбеков, Айсулуу Тыныбекова, Айпери […]

Сизге жагышы мүмкүн