Россия, Кытай, Иран жана Пакистандын тышкы иштер министрлери жабык жыйынга чогулду

Автор

Самаркандда Афганистанга кошуна мамлекеттердин министрлеринин конференциясынын алкагында Россия, Кытай, Ирандын тышкы иштер министрлери жана Пакистандын тышкы иштер боюнча мамлекеттик министри жолугушууда.
Жолугушуу башталар алдында Сергей Лавров, Цин Ганг, Хоссейн Амир Абдоллахиан жана Раббани Хар бирге сүрөткө түшүп, андан соң жолугушуу жабык форматта уланды.

Конференцияга Тажикстан, Түркмөнстан жана Өзбекстандын тышкы иштер министрлери да катышууда. Алар Афганистандагы гуманитардык жана социалдык-экономикалык абалды турукташтыруу, аймактык экономикалык интеграцияны өнүктүрүү жана Кабулдун катышуусу менен транспорттук-энергетикалык долбоорлорду ишке ашыруу боюнча мындан аркы кадамдарды талкуулашат.

 

Бөлүшүү:
Next Post

Трансплантация үчүн органдарды сатууну мыйзамдаштыруу сунушталды

Казакстан адам органдарын сатууну мыйзамдаштырышы мүмкүн. Мындай сунушту депутаттар парламенттин төмөнкү палатасынын жыйынында айтышты. Бул өлкөдө органдарды алмаштыруу үчүн кезекте турган 4000дей адам бар. Казакстанда трансплантацияга муктаж бейтаптардын орточо жашы 18 жаштан 35 жашка чейин. Алардын 90 пайызы бөйрөк алмаштырууга муктаж. Практикада трансплантация тектеш донорлордон гана жасалат. Ал эми жаңы […]

Сизге жагышы мүмкүн