Москва Еревандан НАТОнун машыгууларына катышуусу боюнча түшүндүрмө сурады

Автор

Россия Армениядан өлкөнүн НАТО менен биргелешкен машыгууларга катышуусуна байланыштуу түшүндүрмө берүүнү суранды. Россиянын Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Мария Захарова орус тараптын реакциясы тиешелүү жооп алгандан кийин болот.
Анын айтымында, Еревандын өз аймагында ЖККУнун маневрлерин жүргүзүүдөн баш тартуусу өкүнүчтүү. Бул аймактык коопсуздукту жакшыртууга да салым кошпойт.
Пентагондун басма сөз катчысы Сабрина Сингх Армениянын куралдуу күчтөрү НАТОнун 22-апрелде баштала турган аскердик машыгууларына катышарын билдирген. Иш-чара Европанын он мамлекетинин территориясында болот.

Бөлүшүү:
Next Post

Төрага Шакиев баштаган депутаттар Орусияга иш сапары менен кетти

Бүгүн, 13-апрелде Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиевдин Россия Федерациясындагы иш сапары башталды. Бул тууралуу парламенттин маалымат кызматынан кабарлашты.   Иш сапардын алкагында төрага Нурланбек Шакиев Санкт-Петербург шаарында өтө турган Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигинин Парламенттер аралык ассамблеясынын кезектеги жыйындарына катышат. Андан тышкары, ассамблеяга мүчө мамлекеттердин парламент жетекчилери менен эки тараптуу жолугушууларды […]

Сизге жагышы мүмкүн