Айсулуу менен Айперинин атаандаштары аталды

Автор

Хорватиянын Загреб шаарында өтүп жаткан “Zagreb Open” биринчи рейтингдик мелдешинде Айсулуу Тыныбекова жана Айпери Медет кызынын биринчи атаандаштары белгилүү болду. Бул тууралуу Бүткүл дүйнөлүк күрөш уюмунун социалдык тармактагы расмий баракчасында жарыяланды.
Маалыматка ылайык, аталган мелдеште 62 кг салмакта Айсулуу Тыныбекова япониялык балбан Сакура Мотоки менен кез келет.
Ал эми 76 кг салмакта Айпери Медет кызынын биринчи атаандашы америкалык балбан Аделина Грей болмокчу.
Эскерте кетсек, Кыргызстандын кыз-келиндер күрөшү боюнча улуттук курама командасынын мүчөлөрү 10-14-январь күндөрү Хорватияда өтүп жаткан рейтингдик мелдешке катышууда. Курама команданын башкы машыктыруучу Нурбек Изабеков.

Курама команданын тизмеси:

– 62 кг Айсулуу Тыныбекова;
– 68 кг Нурзат Нуртаева;
– 76 кг Айпери Медет кызы.

Бөлүшүү:
Next Post

Эквадордогу баш аламандык: 330 адам кармалды

Эквадор армиясы жана полиция кызматкерлери өлкөдө куралдуу баш аламандык башталгандан кийин кылмыштуу топтордун 329 мүчөсүн кармап, 5 кишини жок кылышты. Бул тууралуу шаршемби күнү өлкөнүн куралдуу күчтөрүнүн биргелешкен командачылыгынын башчысы Хайме Вела Эрасо билдирди. “Биз ар кандай калибрдеги 61 куралды, 418 ок-дарыларды, 24 жардыргыч затты колго түшүрдүк, 329 террористти кармадык. […]

Сизге жагышы мүмкүн