Бишкекте 100дөй адамдын катышуусунда веложүрүш өттү

Автор

Бишкекте дем алыш күндөрү 100дөй адамдын катышуусунда веложүрүш өттү. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, веложүрүш Алма-Ата көчөсү менен Түштүк магистралдын кесилишинен башталып, “Ынтымак – 2” сейил багына чейин уланды. Ошондой эле сейил бакта кичинекей балдар үчүн жарыш болду.

Иш-чаранын расмий бөлүгү “Ынтымак – 2” сейил багында өтүп, анда балдар үчүн чоң куурчактар, белектер жана ланч бокстор менен шоу-программа тартууланды. Соңунда эстрада жылдыздарынын катышуусунда концерттик программа уюштурулду.

Белгилей кетсек, Бүткүл дүйнөлүк гемофилия күнү жыл сайын 17-апрелде “Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо” уюмунун жана “Бүткүл дүйнөлүк гемофилия” федерациясынын демилгеси менен белгиленет.

Бөлүшүү:
Next Post

Чукул билдирүү! Кыргызстанда үшүк жүрүшү мүмкүн

Кыргызстандын тоолуу аймактарында үшүк жүрүшү мүмкүн. Бул тууралуу  Кыргызгидромет борбору билдирди. Маалыматка ылайык, 19-апрелде түнкүсүн жана эртең менен Чүй, Талас облустарынын өрөөндөрүндө 0…-2°, Чүй облусунун тоо этектеринде жана Ысык-Көл, Нарын облустарынын дыйканчылык аймактарында -1…-3 градус үшүк жүрүшү ыктымал. 17-18-апрель күндөрү Кыргызстандын аймагында туруксуз аба ырайы сакталып турат. Чүй, Ош, Жалал-Абад, […]

Сизге жагышы мүмкүн