ФИФА дүйнө чемпионатынын форматын өзгөрттү

Автор

Эл аралык футбол федерациясынын (ФИФА) кеңеши уюмдун бул жумадагы конгрессинин алдында 4 командадан турган 12 тайпадан түзүлгөн 2026-жылкы Дүйнө чемпиондугунун форматын бекитти. Бул тууралуу  ФИФАнын сайтында жазылууда.

Маалыматка ылайык, 2026-жылкы дүйнөлүк чемпионаттын финалдык бөлүгүндө Катардагы турнирдегидей 32 эмес, 48 команда катышат. 2017-жылы ФИФА 48 катышуучу ар бири үч командадан турган 16 топко бөлүнүүчү форматты бекиткен, бирок шейшемби күнү уюмдун кеңеши топтордун санын кыскартууну чечкен.

Топтордун биринчи жана экинчи орунду ээлеген командалар, ошондой эле үчүнчү орунду алган сегиз мыкты командалар Дүйнө чемпиондугунун 1/16 финалына чыгышат. Ошентип, турнирдеги матчтардын саны 80дин ордуна 104кө чейин көбөйтүлөт, ал форматта үч командадан турган 16 тайпа менен беттешке чыгышы мүмкүн.

Белгилей кетсек, 2026-жылдагы дүйнө чемпионаты АКШ, Канада жана Мексикада өтөт.

Бөлүшүү:
Next Post

Динара Кутманова ээлеген кызматынан бошотулду

Президент Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 70-беренесинин 1-бөлүгүнүн 4-пунктуна ылайык Кыргыз Республикасынын жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Кутманова Динара Асиевна ээлеген кызматынан бошотулду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришти. Бөлүшүү:

Сизге жагышы мүмкүн