Эквадордогу баш аламандык: 330 адам кармалды

Автор

Эквадор армиясы жана полиция кызматкерлери өлкөдө куралдуу баш аламандык башталгандан кийин кылмыштуу топтордун 329 мүчөсүн кармап, 5 кишини жок кылышты. Бул тууралуу шаршемби күнү өлкөнүн куралдуу күчтөрүнүн биргелешкен командачылыгынын башчысы Хайме Вела Эрасо билдирди.
“Биз ар кандай калибрдеги 61 куралды, 418 ок-дарыларды, 24 жардыргыч затты колго түшүрдүк, 329 террористти кармадык. 41 адам туткундан куткарылды. Беш террористти жок кылдык”,-деди.
Эквадордун президенти Даниэль Нобоа республиканын бийлиги абактагы чет элдиктерди өлкөдөн чыгара баштаарын билдирди. «Ушул жумада баштайбыз. Бизде колумбиялыктар, венесуэлалыктар жана перулуктар бар, алар биздин түрмөлөрдөгү чет элдиктердин санынын 90 пайызын түзөт. Ушундай жол менен биз мамлекеттик чыгымдарды азайтабыз»,-деди ал.

Бөлүшүү:
Next Post

Кыргызстанда доллардын расмий курсу өстү

Кыргызстанда доллардын расмий курсу өстү. Бүгүн, 11-январга карата Улуттук банк доллардын курсун 89,32 сом деп белгиледи. Теңге 0,197 сом. Евро 97,74 сом. Рубль 0,99 сом деп белгиленди. Коммерциялык банктарда жана акча алмаштыруу жайларында доллар орточо эсеп менен 89,40 сомдон сатып алынып, 89,65 сомдон сатылууда. Бөлүшүү:

Сизге жагышы мүмкүн