Футзал боюнча Кыргызстандын U-14 Кубогунун жеңүүчүлөрү аныкталды

Автор

Футзал боюнча 14 жашка чейинкилер арасында (U-14) Кыргызстандын Кубогу болуп өттү. Бул тууралуу  Футзал ассоциациясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, мелдеш Бишкекте 20-24-июнь күндөрү өтүп, ага 8 команда катышкан. Кубоктун жеңүүчүсү болуп Ош шаарынын командасы табылды. Алар финалда Бишкек шаарынын командасын 3:1 эсеби менен жеңип алышты. Коло байге үчүн болгон беттеште Нарын шаарынын командасы Ысык-Көлдү 4:2 эсебинде утуп алган.

Оюндар бүткөн соң командаларды салтанаттуу сыйлоо аземи өтүп, анда мыкты оюнчулар да аталды.

 

U-14 Кубогунун мыктылары;

 

  • Мыкты дарбазачы — Төлөмүшов Канатбек (Ысык-Көл);
  • Мыкты коргоочу — Худайбердиев Данат (Бишкек);
  • Мыкты чабуулчу — Мансуров Эрхан (Ош);
  • Мыкты бомбардир — Эсенбеков Айдан (Нарын);
  • Мыкты оюнчу — Талайбеков Арсен (Бишкек);
  • Мыкты машыктыруучу — Байгазы уулу Уланбек (Нарын);
  • Элдин сүймөнчүлүгү — Жамалдинов Нурислам (Ош).
Бөлүшүү:
Next Post

Кыргызстандыктар 28-июнда эс алат

 Кыргызстандыктар 28-июнда эс алат. Бул күн Курман айт майрамына карата кызыл менен белгиленген. Бул тууралуу Эмгек, социалдык өнүктүрүү жана миграция министрлигинин билдиришти.  Маалыматка ылайык, өлкөдө 28-июнда Курман айт майрамы белгиленет. Мусулмандардын эң чоң майрамдарынын бири Курман айт Орозо бүткөндөн кийин 70 күндөн кийин болот. Ай календарына ылайык, жыл сайын 10 […]

Сизге жагышы мүмкүн