Президент Садыр Жапаров иш сапары менен Жидда шаарына келди

Автор

18-июлда президент Садыр Жапаров Сауд Аравиянын Королу Салман бин Абдулазиз Аль Сауддун чакыруусу менен өлкөгө иш сапары менен келди.

Мамлекет башчыны Жидда шаарынын эл аралык аэропортунда  Меккенин губернатору Халид бин Фейсал Аль Сауд тосуп алды.

Сапардын алкагында мамлекет башчы “Борбор Азия – Перс булуңундагы араб мамлекеттеринин кызматташтык кеңеши” аттуу мамлекет башчыларынын биринчи Саммитине катышат. Өлкө башчылары саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык тармактарда аймактар ​​аралык кызматташтыкты өнүктүрүүнү талкуулашат.

Сапардын алкагында президент Садыр Жапаров Перс булуңундагы араб мамлекеттеринин башчылары менен жолугушат.

Бөлүшүү:
Next Post

Франция менен Италияда ысык рекорддук деңгээлге жетти

Франциянын метеорологиялык кызматы 18-июлда өлкөнүн түштүгүндө абанын температурасы рекорддук деңгээлге 40,6 6 градуска чейин көтөрүлгөнүн кабарлады. Италияда Римде 18-июлда абанын температурасы 41,8 градуска жетти. Европалык басылмалардын маалыматына караганда, Испаниянын Каталониясында  абанын температурасы 45 градустан жогору көтөрүлдү. Буга чейинки рекорд 43,8 градус  2019-жылдын июнь айында катталган. Дүйнөлүк метеорология уюму дүйнөнүн көптөгөн […]

Сизге жагышы мүмкүн