Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү көбөйдү

Автор

Бүгүн, 25-мартка карата Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү 7 млрд 207 млн куб метрди түздү. Бул тууралуу “Электр станциялары” ААКнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, суунун агып кириши керектөөгө караганда көбөйгөн. Тагыраак айтканда, суунун агып келиши секундасына 297 куб метрди түзсө, сууну керектөө секундасына 189 куб метрди түзүүдө.
Өлкөнүн энергетиктери керектөөчүлөрдү электр энергиясын сарамжалдуу пайдаланууга чакырат.

Бөлүшүү:
Next Post

Медведев Крокуста көз жумгандар үчүн өч аларын убада кылды

Россия Москванын жанындагы Крокустагы теракттан көз жумган ар бир адамды аныктап, өч алат. Бул тууралуу Россия Федерациясынын Коопсуздук кеңешинин төрагасынын орун басары Дмитрий Медведевдин билдирүүсү Телеграм каналына жарыяланды. «Биз бардыгынан өч алабыз. Ар бир катышуучу, кайсы өлкөгө жана статусуна карабастан, азыр биздин мыйзамдуу жана негизги максатыбыз»,-деп жазган Медведев. Ал өзүнүн […]

Сизге жагышы мүмкүн