Митинг өткөрүүгө салынган чектөө 31-декабрга чейин узартылды

Автор

Бишкекте митинг өткөрүү жерлерине чектөө узартылды. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Маалыматка  ылайык, Биринчи май районунун акимиаты митинг өткөрүү жерлерин чектөөнү убактылуу узартуу арызы менен райондук сотко кайрылган.

«Биринчи май райондук соту Жогорку Кеңештин, Россия Федерациясынын элчилигинин имараттарынын жанында, «Ала-Тоо» аянтында, Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын, Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин алдында тынч чогулуштарды жана митингдерди өткөрүүнү чектөө боюнча Биринчи май райондук администрациясынын чечимин күчүндө калтырды. Бул чектөөлөр 2023-жылдын 1-октябрынан 31-декабрына чейин күчүнө кирди жана күчүндө болот»,-деп айтылат маалыматта.

Эми бардык чогулуштар, митингдер Рыскулов жана Н.Исанов көчөлөрүнүн кесилишиндеги М.Горький атындагы скверде өткөрүлөт.

Бөлүшүү:
Next Post

НАТО газ кууруна зыян келтиргендерди коркутса, Кремль Түндүк агымдагы жарылууларды эске салды

Эгер Финляндия менен Эстониянын ортосундагы Balticconnector газ кууру атайылап кол салуудан жабыркаганы аныкталса, НАТО чечкиндүү жооп кайтарат. Бул тууралуу НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг аскердик-саясий блокко кирген өлкөлөрдүн коргоо министрлери менен жолугушуунун алдында билдирди. Ошол эле учурда, Кремль да окуяга комментарий берди. Алар газ түтүгүнүн бузулушу тууралуу кабарды кооптуу деп […]

Сизге жагышы мүмкүн