Бишкекке 1 миң автобус сатып алынды

Автор

Бишкеткеги транспорт көйгөйүн чечүү үчүн №1 бортту сатып алууга каралган каражатка миң автобус сатып алынды. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Бишкек шаардык мэриясынын коллегиясында билдирди.
“Өкмөттүн учагы жок, ал эми быйыл Ту-154М учагынын пайдалануу мөөнөтү бүтүп жатат. Чет өлкөлөргө иш сапарларга чыгуу үчүн биз 100 млн доллар тапканбыз, бирок борбор калаадагы транспорт көйгөйүн чечели деп ал каражатка 1000 автобус алдык”, – деди ал.
Ошондой эле Жапаров бул маселеге мындан ары дагы өзгөчө көңүл буруларын кошумчалады.

Бөлүшүү:
Next Post

Бишкекте балдар адабиятына арналган фестивал өттү

Бишкек шаарында балдар адабиятына арналган «Кичинекей окурман» фестивалы өттү. Бул тууралуу фестивалды уюштурган «Акбарак» коомдук фондунан билдиришти. Балдар китеп фестивалынын максаты — балдарды китеп окууга кызыктыруу, бала менен бирге китеп окуунун маанилүүлүгүн көрсөтүү жана баланы интеллектуалдык жактан өнүктүрүү болуп саналат. Иш-чаранын алкагында бир катар тема боюнча талкуу аянтчалары түзүлгөн. «Өлкөдө […]

Сизге жагышы мүмкүн