НАТО газ кууруна зыян келтиргендерди коркутса, Кремль Түндүк агымдагы жарылууларды эске салды

Автор

Эгер Финляндия менен Эстониянын ортосундагы Balticconnector газ кууру атайылап кол салуудан жабыркаганы аныкталса, НАТО чечкиндүү жооп кайтарат. Бул тууралуу НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг аскердик-саясий блокко кирген өлкөлөрдүн коргоо министрлери менен жолугушуунун алдында билдирди.
Ошол эле учурда, Кремль да окуяга комментарий берди. Алар газ түтүгүнүн бузулушу тууралуу кабарды кооптуу деп атап, азырынча техникалык маалыматы жок экенин баса белгиледи. Кремль кененирээк маалыматты күтөрүн кошумчалаган Дмитрий Песков өткөн жылдын сентябрынын аягында болгон «Түндүк Агым» жана «Түндүк Агым 2» жардырууларына шилтеме жасады. Ал Германия, Швеция жана Дания газ түтүктөрүнүн жарылышын иликтеп жатканын, Москвага иликтөөгө уруксат берилбегенин белгиледи.
10-октябрда Норвегиянын NORSAR сейсмологиялык кызматы 8-октябрга караган түнү Балтика деңизинде Balticconnector газ куурунун аймагында болжолдуу жарылуу болгонун 10-октябрда кабарлаган. Финляндиянын президенти Саули Ниинистё бул маалыматтын сырткы таасирдин натыйжасы деп билдирди.

Бөлүшүү:
Next Post

«Элит Хаустун»  негиздөөчүсү Тимур Файзиев  9-декабрга чейин камакка алынды

«Элит Хаус» курулуш компаниясынын негиздөөчүсү Тимур Файзиев убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Бул тууралуу соттун басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, Бишкектин Октябрь райондук сотунун 11-октябрдагы чечими менен Тимур Файзиев 9-декабрга чейин камакка алынды. Аскер прокуратурасынын тергөө тобу тарабынан «Элит Хаус» компаниясынын ээси Тимур Файзиевге 2021-жылы майда издөө жарыяланган. 27-майда Бишкектин […]

Сизге жагышы мүмкүн