Өмүрбек Текебаев, элчи:  “Борбор Азияда абал ишеничтүү эмес дайыма өзгөрүп турат”

Автор

“Имомали Рахмон өзүн Тажикстандын гана эмес Тажик улутунун лидери катары эсептейт. Маселен, Афганистандагы калктын 46 пайызы тажик улутунан. Имомали Рахмон ошон үчүн Афган бийлигинен өкмөттүн жарымы тажиктерден болсун деп шарт койду. Анын кадыры Борбор Азия аймагында аябай өстү. Андыктан, Кыргыз-Тажик жаңжалында биздин эшиктеш кошуналар унчукпай отуруп беришти”,- деди Өмүрбек Текебаев.

Ал аймактагы абал ишеничтүү эмес экенин, дайыма өзгөрүп турарын, Орусия, Казакстан, Өзбекстан жана Түркмөнстан Талибан бийлигин тааныганын айтып, “бирок, Тажикстан аларды тааныган жок. Менимче, Талибан кыймылы бүткүл Афганистанды көзөмөлүнө алганы Кыргызстан үчүн пайдалуу. Биздин дипломатия болгон мүмкүнчүлүктү колдонуп, ушул багытта иш алып баруусу керек”,- деп билдирди элчи Өмүрбек Текебаев.

Бөлүшүү:
Next Post

Бишкек мэри эки орун басарына сөгүш берди

Бишкек шаардык салык кызматы планды 34 пайызга аз жыйнаганы үчүн Мэр Эмил Абдыкадыров өзүнүн 2 орун басары Мирлан Байгончоков менен Нурдан Орунтаевге жана муниципалдык мүлк башкармалыгынын башчысы Талант Рыскулбек уулуна сөгүш жарыялады. Бөлүшүү:

Сизге жагышы мүмкүн