Баткенде чек арачыларга жаңы үйлөрдүн ачкычы тапшырылды

Автор

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев чек арачыларга кызматтык үйлөрдү тапшырды. Бул ирет жаңы үйлөр Баткендеги “Кулунду” заставасындагы чек арачыларына берилди.

Атайын кызматтан билдиришкендей, чек арачылардын турак-жай комплекси 30 батирлүү болуп, турмуш-тиричилик техникалары менен толугу менен камcыздалган, Мындан сырткары, балдар ойноочу аянтча жана башка бардык шарттары бар.

Андан соң атайын кызматтын төрагасы Камчыбек Ташиев “Кулунду” чек ара заставасынын имаратынын абалын көрүп, аскерлердин жашоо-шарты менен таанышты.

Бөлүшүү:
Next Post

Россия Старлинктин аналогун курууну каалайт

Россия геостационардык эмес орбитада 900дөн ашык космостук аппаратты камтыган жана 5G/6G уюлдук тармактары менен интеграцияланган көп спутниктүү байланыш системасын түзүшү керек. Санариптик өнүктүрүү министрлиги тарабынан даярдалган Байланыш тармагын 2035-жылга чейин өнүктүрүү Стратегиясынын долбоору спутниктик байланышты өнүктүрүү боюнча бир катар кадамдарды камтыйт. Анда геостационардык орбитадагы спутниктик топ жылдызын акырындык менен жаңыртуу, […]

Сизге жагышы мүмкүн