Май айында кыргызстандыктар катары менен беш күн эс алат

Автор

Май айында кыргызстандыктар катары менен беш күн эс алат.
1, 5, 9-май майрам күндөр болгондуктан иш күн эмес – 1-май – Эмгек күнү, 5-май – КР Конституциясынын күнү жана 9-май – Жеңиш күнү.
Министрлер кабинетинин токтомуна ылайык, мамлекеттик жана муниципалдык уюмдардын, мамлекеттик бюджеттен каржылануучу мекемелердин жана ишканалардын беш күндүк иш жумасынын графиги боюнча иштеген кызматкерлери үчүн 1-майдан 5-майга чейин узак эс алуу күндөрү белгиленди.
2-майдын (бейшемби) ордуна иш күнү 6-май (дүйшөмбү), 3-майдын (жума) ордуна, 11-май (ишемби) иш күнү.
Ошондой эле 9-май расмий түрдө иш күн эмес болуп саналат.
Алты күндүк иш жумасында иштеген кызматкерлер 1, 6 жана 9-майда эс алышат.

Бөлүшүү:
Next Post

Ири өлчөмдөгү баңгизаттарды сактоочу жай табылды

Өзгөчө ири өлчөмдөгү баңгизаттарды сактоочу жай табылды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти. УКМК баңги каражаттарын жана башка психотроптук заттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүүнүн алкагында Бишкек шаарындагы гараж кооперативдеринин биринде КР мыйзамдарында өндүрүүгө жана жайылтууга тыюу салынган «мефедрон» баңгизатынын реагенттери (компоненттери) болгон химиялык заттардын көмүлгөн жайын аныктады. Жүргүзүлгөн иш-чаралардын […]

Сизге жагышы мүмкүн