Көк-Бөрү боюнча президенттин кубогу быйыл Ошто өтөт

Автор

Быйыл эгемендик күнүнө карата өтө турган көкбөрү боюнча президенттин кубогу Ош облусунда өтөт. Мелдеш 24-августта башталып, финалдык беттеш 31-августта өтөт.

Бул тууралуу  Көкбөрү федерациясынын президенти Талас Бегалиев билдирди. Ага канча команда катышары Ысык-Көлдө өтө турган клубдар аралык кубоктон кийин белгилүү болот. Бул мелдеш 13-августта башталып, 20-августта аяктайт.

Дүйнө кубогуна Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан, Орусия, Түркия жана АКШдан клубдар катышат.

Эгемендик күнүнө арналган көкбөрү боюнча Кыргызстандын президентинин кубогун былтыр Ош облусунун “Алай” командасы алган. Мелдеш Нарындын Эмгекчил айылында өткөн

Бөлүшүү:
Next Post

Үркүндү эскерүү жумалыгы өтөт

1916-жылдагы Үркүн каргашасын эскерүү жумалыгына байланыштуу өлкө аймагында бир катар иш-чаралар өтөт. «Эсимде» изилдөө аянтчасы 9-август күнү саат 18:00дө «Үркүндү эскерүү тажрыйбалары» талкуусун өткөрөт. Анда «Үркүн бүтсүн» тасмасы көрсөтүлөт жана 1991-2023-жылдардагы 1916-жылдагы трагедиялуу окуяларды эскерүү жүрүштөрү тууралуу сөз болот. Ошондой эле, филология илиминин кандидаты Гүлзада Станалиева “Үркүн темасы адабиятта” аттуу […]

Сизге жагышы мүмкүн