Майк Тайсон кайрадан Холифилд менен беттешиши мүмкүн

Автор

Бокс боюнча оор салмактагы дүйнөнүн мурдагы чемпиону Майк Тайсон дүйнөнүн мурдагы чемпиону Эвандер Холифилд менен көргөзмөлүү беттешке чыгышы мүмкүн. Бул тууралуу атактуу мушкер TMZ YouTube каналына берген маегинде айтты.

«Мен муну ишке ашыргым келет, муну  Сауд Арабиянын эли да каалайт. Мен акыркы продукт үчүн төлөөгө даяр адамдарды көргөндө, менин башым жакшы иштей баштайт “, – дейт 56 жаштагы  Тайсон.

Мушкерлер буга чейин эки жолу беттешкен. 1996-жылы ноябрда болгон биринчи беттеште Холифилд 11-раундда нокаут менен жеңишке жеткен. 1997-жылы июнда Тайсон реванш учурунда атаандашынын кулагынын бир бөлүгүн тиштеп алган. Күрөш токтоп, америкалык оор салмактагы спортчу дисквалификацияланып, үч миллион доллар айыпка жыгылган.

Эске салсак, жалпысынан Тайсон карьерасында 58 беттеш өткөрүп, анда 50 жеңиш (44 нокаут менен) утуп, алты жеңилүү ызасын тарткан. Анын катышуусу менен дагы эки беттеш жараксыз деп табылды. 60 жаштагы Холифилдде 44 жеңиш, он жеңилүү жана эки тең чыгуу бар.

Бөлүшүү:
Next Post

Бишкекте салттуу музыка жумалыгы башталды 

Бишкекте салттуу музыка жумалыгы старт алды. Маданий иш-чаранын расмий бөлүгү борбордогу Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрынын жанындагы Т.Сатылгановдун эстелигинин алдында өттү. Жумалык 20-25-апрель күндөрү өтүп, ар кандай маданий иш-чаралар менен коштолот. Жумалыктын биринчи күнү Манас темасына арналган, анын алкагында Евразия Эл аралык университетинде “Салттуу музыкалык […]

Сизге жагышы мүмкүн