Бүгүн Акжол Махмудов менен  Роман Власов беттешет

Автор

Бүгүн, 26-апрелде кыргызстандык балбан Акжол Махмудов Иван Поддубныйдын балбандар лигасынын (PWL – 4) мелдешинде россиялык Роман Власов менен күрөшөт.

Спорттук иш-чара  Казакстандын Алматы шаарындагы спорт ордосунда өтөт. Турнирдин байге фонду 20 миллион рубль.

Махмудов менен Власов грек-рим күрөшү боюнча 77 кг салмакта күч сынашат. Мындан сырткары, PWL – 4 мелдешинде алдын ала маалыматка ылайык, Азербайжан, Армения, Индия, Иран, Казакстан, Куба, Кыргызстан, Молдавия, Япония жана Российдан келген спортчулар арасында 12 беттеш өтөт.

Белгилей кетсек, Акжол Мухмудов грек-рим күрөшү боюнча дүйнө чемпиону жана Олимпиада оюндарынын күмүш байгесинин ээси, ал эми Роман Власов дүйнөнүн үч жолку жана Олимпиаданын эки жолку чемпиону.

Эскерте кетсек, Иван Поддубныйдын балбандар лигасы (PWL) 2022-жылдын май айында түзүлүп, анын биринчи мелдеши Россиянын “ЦСКА” футболдук клубунун машыгуу аянтчасында, экинчиси Москванын Вернадский мамлекеттик циркинде өткөн. Үчүнчүсү Бишкекте өтүп, кыргызстандык үч балбан күрөшкөн.

Бөлүшүү:
Next Post

Бүгүнкү доллардын курсу

Бүгүн, 26-апрелге карата Кыргызстандын коммерциялык банктарда жана акча алмаштыруучу жайларда 1 долларды сатып алуу 87 сом 50 тыйындан  болсо, сатуу  87  сом  9 тыйынга чейин  болууда.   Ал эми Улуттук банкта 1 доллардын курсу 87 сом 52 тыйын  деп көрсөтүлгөн Бөлүшүү:

Сизге жагышы мүмкүн