Кыргыз-кытай чек арасы убактылуу жабылат

Автор

Кыргызстан менен Кытайдын чек арасы 29-апрелден 1-майга чейин убактылуу жабылат. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматынан кабарлашты.

Чек ара Кытайда Эмгек күнүн белгилөөгө байланыштуу кытай тараптын демилгеси менен жабылууда.

«Торугарт» жана «Эркечтам» бекеттеринен унаалар жана жарандар 2-майдан тарта өтө баштайт.

Бөлүшүү:
Next Post

Шойгу Украина боюнча Батыштын чыныгы максатын атады

“Украинадагы жаңжал Вашингтон жана анын союздаштары башка өлкөлөрдү Москва жана Пекин менен аскердик тирешүүгө провокациялоого басым жасап жатканын ырастайт”,-деп билдирди Россиянын коргоо министри Сергей Шойггу. “Бүгүнкү күндө Вашингтон жана алардын шериктери стратегиялык планын ишке ашырууда. Бул план башка өлкөлөрдү каршы келген мамлекеттер менен, биринчи кезекте Россия жана Кытай менен аскердик […]

Сизге жагышы мүмкүн