Катуу бороон! Төө-Ашууда жүк ташуучу унааларга чектөө киргизилди

Автор

Бишкек – Ош унаа жолундагы Төө-Ашуу ашуусунда кар жаап, бороон болуп жатканына байланыштуу оор жүк ташуучу унааларга чектөө киргизилди. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, учурда жолчулар кардан тазалоо, кум-туз себүү иштерин тынымсыз жүргүзүүдө.

Министрлик жолго кышкы дөңгөлөктөр менен чыгууну жана айдоочулар 500 метр аралыкты сакташы керектигин эскертет.

“Эгерде жолго чыгып кеткен болсоңуз, унаа жолдорунун ашуу тилкелеринен өтүүдө кар чынжырчаларын алып жүрүүнү, жолдун каршы тилкесине ​​чыкпоону жана жол тазалоочу атайын техниканын ишине тоскоол болбоону өтүнөбүз”, – деп айтылат маалыматта.

Бөлүшүү:
Next Post

Бишкекте жаа атуу боюнча эл аралык мелдеш өттү

Бишкек шаарында жаа атуу боюнча эл аралык мелдеш өттү. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти. Маалыматка ылайык, спорттук иш-чара борбор калаанын 145 жылдыгына карата өткөрүлдү. Жаа атуу боюнча мелдешке жалпысынан 74 спортчу катышты. Анын ичинде Казакстандан 11, Түркиядан 3, Ысык-Көл облусунан 16, Чүй облусунан 9 жана Бишкектен 35 спортчу бар. Турнирдин жеңүүчүлөрү […]

Сизге жагышы мүмкүн