Кыргызстан 21 млн сомго кызамыкка каршы вакцина сатып алат

Автор

Республикалык иммунопрофилактика борбору кызамыкка каршы 264 миң 500 доза вакцина алат. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, бул үчүн мамлекеттик бюджеттен 21 млн сом бөлүнгөн. Республикалык иммунопрофилактика борборуна вакциналарды өткөрүп берүү иш-чарасына КР Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Бүбүжан Арыкбаева жана ЮНИСЕФтин өкүлдөрү катышат.
Белгиленгендей, кызамык оорусуна каршы эмдөө өнөктүгүнүн экинчи этабынын алкагында 9 айдан 7 жашка чейинки балдар кызамыкка каршы вакцина (ККВ) менен эмдөөдөн өтүшөт. Вакцина ошондой эле республика боюнча оорулуу менен байланышта болгон бардык адамдарды шашылыш эмдөө үчүн жөнөтүлөт.
Башка аймактарда кызамык оорусуна каршы эмдөө өнөктүгүнүн экинчи фазасы ККВ вакцинасынын кошумча дозалары жеткиликтүү болгондон кийин башталат.

Бөлүшүү:
Next Post

28-февралга карата аба ырайы

Кыргызгидромет билдиргендей, 28-февралда Ош, Баткен облустарынын айрым жерлеринде жаан, кар жаайт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы: Чүй облусунда түнкүсүн -5…-10, күндүз -2…+3, Талас облусунда түнкүсүн -7…-12, күндүз -2…+3, Баткен облусунда түнкүсүн -2…+3, күндүз 0…+5, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн -2…+3, күндүз +1…+6, […]

Сизге жагышы мүмкүн