Көк бөрү чыры: 25 жаран милицияга жеткирилди

Автор

Төлөйкөн ат майданындагы көкбөрү оюнунда коомдук тартипти бузган жана чагымчылдык аракеттерди жасаган 25 жаран аныкталып, Ош облустук ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан кармалып келинди. Бул тууралуу облустук милициядан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, азыркы учурда тергөө-оперативдик тактоо иштери жүрүп жатат.

Окуя боюнча мыйзам бузууларга, коомдук тартипти бузууга жана чагымчылдык жасооого байланышкан жагдайлар аныкталса мыйзам чегинде жоопкерчиликке тартылышат. Ал эми ооруканга 7 жаран кайрылган, анын ичинен 1 кызматкер бар.

 

Мындан сырткары, Ош облустук Тез жардам кызматынын Форд-Транзит үлгүсүндөгү унаасынын терезелери талкаландыгы боюнча нөөмөт бөлүгүнө кабар келип, маалыматтык электрондук журналына катталган.

Бөлүшүү:
Next Post

Баткенде төрт мектеп пайдаланууга берилди

Баткен облусунда быйылкы 2023-2024-жаңы окуу жылына карата төрт типтүү мектеп ачылып, пайдаланууга берилүүдө. Бул тууралуу президенттин облустагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматынан билдиришти.   Алар:   Кадамжай районунун Кайтпас айылындагы Ж.Бөкөнбаев атындагы орто мектеби; Исхак Полотхан айыл аймагынын Жеңиш айылындагы Жусуп Баласагын атындагы орто мектеби; Баткен районунун Орто -Боз айылындагы Ж.Момунов […]

Сизге жагышы мүмкүн