Кыргызстанда TikTok расмий түрдө жабылды

Автор

Кыргызстандын аймагында TikTok платформасы расмий түрдө бөгөттөлдү. Бул тууралуу Санариптик өнүктүрүү министрлиги ырастады.
Маалыматка ылайык, мындай чечим КР Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин катынын негизинде кабыл алынган.
“Байланыш тармагын жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматы байланыш операторлоруна аталган кызматтын жеткиликтүүлүгүн чектөө боюнча чараларды көрүү зарылдыгы тууралуу кат жөнөткөн. Чечимдин кабыл алынышына аталган платформанын КР “Балдардын ден соолугуна, ошондой эле балдардын физикалык, интеллектуалдык, психикалык, руханий жана адептик өнүгүүсүнө зыян келтирүүнү болтурбоо боюнча чаралар жөнүндө” мыйзамынын 2-1-беренесинин талаптарын аткарбагандыгы негиз болгон. Ага ылайык ден-соолукка жана балдардын өнүгүүсүнө зыян келтирүүчү маалыматтардын түрлөрү аныкталат”, — деп айтылат маалыматта.
Эскерте кетсек, өткөн жылы Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги тарабынан бул тармакты жабуу боюнча кадамдар жасалган, анткени балдар үчүн негативдүү контенттерге нааразычылыктар түшкөн.

Бөлүшүү:
Next Post

Алай районундагы автобекет мамлекетке кайтарылды

Алай районунда базар баасы 65 млн 350 миң сомду түзгөн борбордук автобекет мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти. УКМК тарабынан мыйзамсыз түрдө жеке менчикке чыгарылган шаарлардын жана райондордун инфраструктуралык объекттерин мамлекеттин менчигине кайтаруу боюнча жүргүзүлүп жаткан иш-чаралардын алкагында Гүлчө а/а жайгашкан , мурда «Гүлша-автобекети» мамлекеттик акционердик коомуна […]

Сизге жагышы мүмкүн