Ошто 20 млн сомдук жер тилкеси муниципалдык менчикке кайтарылды

Автор

Ош шаарында 20 млн сомдук жер тилкеси муниципалдык менчикке кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

 

Маалыматка ылайык, Ош шаардык прокуратурасы тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүдө Ош мэриясы 404 чарчы метр жер тилкесин Т.К. аттуу жаранга мыйзамсыз түрдө, аукцион өткөрбөстөн сатып, анын негизинде жеке менчик укугу жөнүндө мамлекеттик актысы берилгендиги аныкталган.

 

Ош шаардык прокуратурасы тарабынан сот органдарына доо арыз келтирилип, кароонун жыйынтыгы менен толук менен канааттандырылган. Келтирилген прокурордук чара көрүү актысынын негизинде базар баасы 20 млн 200 миң сомдук жер тилкеси муниципалдык менчикке кайтарылды.

Бөлүшүү:
Next Post

Мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар үчүн 9 млрд сомдон ашык каражат бөлүндү

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаев ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын жыл сайын өтүүчү жөө жүрүшүн ачып, сөз сүйлөдү. Белгилүү болгондой, мүмкүнчүлүгү чектелген балдар жана чоңдор үчүн 9 млрд сомдон ашык каражат бөлүнгөн. Өлкөдө 200 миң мүмкүнчүлүгү чектелген адам жашаса, анын 36 миңи балдар. Президент 2021-2022-жылдары жөлөкпулдун өлчөмүн, […]

Сизге жагышы мүмкүн