28-февралга карата аба ырайы

Автор

Кыргызгидромет билдиргендей, 28-февралда Ош, Баткен облустарынын айрым жерлеринде жаан, кар жаайт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн -5…-10, күндүз -2…+3,

Талас облусунда түнкүсүн -7…-12, күндүз -2…+3,

Баткен облусунда түнкүсүн -2…+3, күндүз 0…+5,

Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн -2…+3, күндүз +1…+6,

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -6…-11, күндүз -1…+4,

Нарын облусунда түнкүсүн -11…-16, күндүз -3…+2.

Ал эми, Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Жолдор тайгак болот. Абанын температурасы түнкүсүн -6…-8, күндүз 0…+2 градус болот.

Бөлүшүү:
Next Post

Израил Рамазанда Газадагы согушту токтотууга даяр

Барымтадагыларды бошотуу боюнча келишим түзүлсө, Израил Рамазан айында Газа тилкесиндеги согушту токтотууга даяр. Бул тууралуу АКШнын президенти Жо Байден билдирди. Тыныгуу учурунда калган барымтадагыларды жана Израил кармаган кошумча палестиналык туткундарды бошотуу боюнча сүйлөшүүлөр улантылат. 10-мартка туура келген Рамазан айынын башталышы ок атышпоо келишиминин расмий эмес мөөнөтү деп эсептелет. Бул ай […]

Сизге жагышы мүмкүн