Кыргызстандын эң мыкты футболчулары аныкталат

Автор

KFU Football Awards – өтүп жаткан сезондун жыйынтыгы боюнча Кыргызстандын футбол тармагындагы эң мыктылары аныкталат.

Кыргызстандын эң мыкты футболчуларын сыйлоо аземи 16-декабрда Бишкекте  өтөт.

Кыргыз футболдук союзу футболдогу жетишкендиктер үчүн жыл сайын өтүүчү, индивидуалдуу сыйлыктарды тапшыруу аземин өткөрөт.

Сыйлыктар төмөнкү категориялар боюнча өз ээлерин табат:

– Кыргызстандын мыкты футболчусу;

– КР Профессионалдык футбол лигасынын мыкты оюнчусу;

– Кыз-келиндер футболунун мыкты оюнчусу;

– Футзалдын мыкты оюнчусу;

– Футболдун мыкты жаш оюнчусу;

– Футболдун мыкты машыктыруучусу;

– Футзалдын мыкты машыктыруучусу;

– Футболдун мыкты калысы;

– Футзалдын мыкты калысы;

– Мыкты спорттук уюму;

– Мыкты футбол клубу;

– Мыкты регионалдык ассоциация.

Бөлүшүү:
Next Post

2023-жылдын ноябры тарыхтагы эң жылуу ай аталды

2023-жылдын ноябрында жер бетинин орточо температурасы 14,22 градус болгон рекорддук эң жылуу ай болду, бул 2020-жылдагы мурунку рекорддон 0,32 градуска жогору  деп жазды РИА Новости. Буга чейин БУУнун Бүткүл дүйнөлүк метеорологиялык уюму (WMO) 2023-жыл акыркы айларда температуранын “көп сандаган” рекорддору бузулуп, рекорддук эң жылуу жыл болуу жолунда экенин билдирген. Бөлүшүү:

Сизге жагышы мүмкүн