Азия оюндары: Айсулуу Тыныбекова коло байгеге ээ болду

Автор

Кыргызстандык балбан кыз Айсулуу Тыныбекова (62 кг) Кытайда өтүп жаткан Азия оюндарынын коло байгесин утту.

Тыныбекова бүгүн, 6-октябрда таймашка чыгып, беттешти 1/8 финалдан баштады. Биринчи беттешинде ал таиланддык Салини Шрисомбат менен кез келип, 14 секундда атаандашынын далысын килемге басып, таза жеңишке жетти.

Чейрек финалда ал япониялык Нонока Озаки менен күрөшүп, 1:3 эсебинде жеңилүү ызасын тартты.

Бирок япониялык балбан кыз финалга чыккандыктан, Айсулуу Тыныбекова көңүл жубатуучу беттеште күрөшүүгө мүмкүндүк алды. Белгилүү болгондой, көңүл жубатуучу кармашты уткан балбан коло үчүн күрөштү.

Көңүл жубатуучу беттеште Тыныбекова вьетнамдык спортчуну 10:0 эсебинде жеңди. Муну менен ал үчүнчү орун үчүн күрөшүүгө мүмкүндүк алды.

Коло байге үчүн кармашта Тыныбекова казакстандык спортчу Ирина Кузнецова менен беттешип, аны 2:1 эсебинде утту.

Бөлүшүү:
Next Post

7-октябрга карата аба ырайы

Эртең, 7-октябрда өлкөнүн айрым жерлеринде жаан жаап, бийик тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.   Абанын температурасы:   Чүй облусунда түнкүсүн +7…+12, күндүз +15…+20,   Талас өрөөнүндө түнкүсүн +3…+8, күндүз +14…+19,   Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн +9…+14, күндүз +20…+25,   Ысык-Көл облусунда […]

Сизге жагышы мүмкүн