Кыргызстанда жаңы банкноттор пайда болот

Автор

Улуттук банк 10-майдан тарта 200, 500 жана 1000 сом номиналындагы банкнотторду, улуттук валютанын жаңы 5-сериясын жүгүртүүгө чыгарат. Бул тууралуу аталган мекемеден кабарлашты.

 

Улуттук валютанын жаңы сериядагы банкнотторунда алдыңкы бетиндеги искусство жана маданият чеберлеринин портреттери, арткы бетинде республиканын кооз жерлери сакталды. Банкноттордун негизги түсү жана өлчөмү өзгөрүүсүз калды.

 

Банкноттор Кыргызстандын аймагында расмий төлөө каражаты статусуна ээ жана чыгарылган жылына карабастан, төлөө каражаты катары эч кандай чектөөлөрсүз, милдеттүү түрдө кабыл алынууга тийиш.

 

2023-жылдагы үлгүдөгү 200, 500 жана 1000 сом номиналындагы банкноттордун негизги коргоо элементтери:

 

Суу белгиси: ачык түстөн күңүрт түскө өткөн портрет жана номинал түрүндөгү электротип.

Коргоо тилкеси: үзүк тилке, жарыкка салып кароодо бүтүн тилке сыяктуу (үзгүлтүксүз) чагылып көрүнөт. Анда сандын номиналы жана ромб түрүндө Улуттук банктын логотиби камтылган. Банкнотту жантайыңкы алып кароодо ромб фигурасынын чагылышы жана тилкенин кубулуп жатканы көрүнөт.

Бири-бирине дал келген сүрөт: банкноттун алдыңкы жана арткы беттериндеги сүрөттөрдүн фрагменттери жарыкка салып кароодо ромб формасын түзөт.

Банкнотту кол менен кармап көрүүдө анын бетине түшүрүлгөн портреттин, жазуулардын, сан жана тамга түшүрүлгөн номиналдын сүрөттөрүндө рельефти (одуракайлык) сезүүгө болот.

Көмүскө сүрөт: банкнотту жантайыңкы алып кароодо сомдун белгиси

С пайда болот.

Түстөрдүн өзгөрүшү – банкнотту жантайыңкы алып кароодо эки шакектин кыймылга келишин, оюу-чийменин (орнаменттин) алтын түстөн жашыл түскө өзгөрүшүн байкоого болот.

Жалтырак түс (арткы бетинде) – банкноттун номиналы жана Улуттук банктын логотиби түрүндө берилген.

Бөлүшүү:
Next Post

Кыргыз балбан кыздары Түркиядагы эл аралык мелдешке катышат

Кыргызстандын кыз-келиндер күрөшү боюнча курама командасынын мүчөлөрү Түркияда өтө турган Victory Cup and Champions эл аралык мелдешине катышат. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаменти билдирди. Маалыматка ылайык, мелдеш 29-апрелден 4-майга чейин Анталия шаарында өтөт.   Курама команданын тизмеси:   Айдай Нурудинова, 62 кг; Айтолкун Медет кызы, 57 кг; Таңчолпон […]

Сизге жагышы мүмкүн