Кыргыз балбан кыздары Түркиядагы эл аралык мелдешке катышат

Автор

Кыргызстандын кыз-келиндер күрөшү боюнча курама командасынын мүчөлөрү Түркияда өтө турган Victory Cup and Champions эл аралык мелдешине катышат. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаменти билдирди.

Маалыматка ылайык, мелдеш 29-апрелден 4-майга чейин Анталия шаарында өтөт.

 

Курама команданын тизмеси:

 

  1. Айдай Нурудинова, 62 кг;
  2. Айтолкун Медет кызы, 57 кг;
  3. Таңчолпон Кыбалбекова, 62 кг;
  4. Калмира Билимбекова, 59 кг;
  5. Гүлнур Таштанбекова, 68 кг;
  6. Жаркынай Нурлан кызы, 62 кг;
  7. Гүлдана Баатырбекова, 60 кг.

 

Белгилей кетсек, курама команда улук машыктыруучулар Нурсултан Аскарбеков жана Билимбек Капарбековдун жетекчилиги алдында мелдешке катышат.

Бөлүшүү:
Next Post

 Эртең Чүй проспектисинин бир бөлүгү жабылат

Эртең, 29-апрелде Бишкек шаарынын 145 жылдыгына карата Ала-Тоо аянтында майрамдык концерт өтөт. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти. Маалыматка ылайык, буга байланыштуу эртең саат 16:00дөн 00:00гө чейин Чүй проспектисинин Панфилов көчөсүнөн Эркиндик бульварына чейинки бөлүгү унаа кыймылы үчүн жабылат. Бишкек мэриясы келтирилген ыңгайсыздык үчүн кечирим сурайт жана каттамды алдын ала пландаштырып алууну […]

Сизге жагышы мүмкүн