Таалайбек Сарыбашов журналисттер менен блогерлерге ыраазычылык билдирди

Автор

Жогорку Кеңештин депутаты Таалайбек Сарыбашов журналисттер менен блогерлерге рахмат айтты. Бул тууралуу эл өкүлү бүгүн, 14-февралда парламенттин жалпы жыйынында билдирди.
Анын айтымында, бүгүнкү күнү өлкөнүн айрым проблемалуу тармагын чагылдырууда жалпы калемгерлер чөйрөсүнүн эмгеги зор.
“Кечээ Ош облусттук балдар ооруканасынын коридорунда 30-40 адам кезекте турганын көрсөтүштү. Булар кайсы райондордон келген оорулуулар? Эмнеге мынчалык кезек болуп атат? Саламаттык сактоо министрлиги түшүндүрмөсүн берсин. Министрди чакырып, саламаттык сактоо тармагы боюнча көйгөйлөрдү угуп, аларды жоюуга жардам берели”,- деди депутат.

Бөлүшүү:
Next Post

Казакстанда кыргыз мигранттары катаал текшерүүгө алынууда

“Учурда Алмата шаарындагы “Алтын-Орда” базарында биздин мигранттарды казак укук коргоо органдары кыйнап, өткөн жумада жалган жалаа менен 4 жылга камалган Эрмек Маркабаевге көрсөтмө бересиң деп зомбулук кылышууда”, – деп билдирди Жанар Акаев парламенттин жалпы жыйынында. Аталган базарда иштеген кыргызстандык жарандар депутатка кайрылуу жолдогон. Анда 50 миң долларга чейин сатып алган […]

Сизге жагышы мүмкүн