Ажылык зыяратчылардын алгачкы тобу 12-июнда жөнөшөт

Автор

Ажылык зыяратчылардын алгачкы тобу 12-июндан тарта Сауд Араб Падышачылыгына жөнөй баштайт. Бул тууралуу Муфтияттан билдиришти.

«Алгачкы топ 12-июнда Бишкек-Медина багыты боюнча Сауд Араб падышалыгынын Медина шаарына учуп кетишет. Ар бир учуучу топто 672 зыяратчы сапар алып, аларды 15 ажы башчы коштоп бармакчы. Ал эми акыркы топ 21-июнда Ош-Жидда багыты боюнча САПка жөнөп кетишет. Быйыл зыяратчылардын саламаттыгына 20 дарыгер көз салышат», — дешти.

Бөлүшүү:
Next Post

Кыргызстандын түштүгүндө сел жүрүү коркунучу жогору

Кыргызстандын түштүгүндө сел жүрүү коркунучу жогору. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, 18-майдан 20-майга чейин абанын температурасынын жогорулашына жана күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн. Бөлүшүү:

Сизге жагышы мүмкүн