Венгриядагы билим жарышында “Сапаттын” окуучусу ийгилик жаратты

Автор

Нарын шаарындагы Муратбек Субагожоев атындагы лицейдин 10-классынын окуучусу Алихан Айдарбеков Венгрияда өткөн билим жарышында коло медал тагынды. Ал Сегеде шаарындагы информатика боюнча бүткүл дүйнөлүк олимпиадага катышып, Кыргызстандын намысын талашкан. Олимпиадада 90 өлкөдөн 355 окуучу күч сынашты. Кечээ Нарын облусунун губернатору Алтынбек Эргешов аны кабыл алып, ыраазычылык кат тапшырып, планшет белек кылды.

Алихан учурда кыргызча, орусча, түркчө жана англисче эркин сүйлөйт. Келечекте Европадан билим алууну кыялданат.

Нарын шаарындагы Муратбек Субагожоев атындагы лицей “Сапат” Эл аралык мекемелерине таандык.

Бөлүшүү:
Next Post

Нандын зыяны жана пайдасы

Нансыз тамактанууну элестетүү же таптакыр эле нан жебеген адамды да кезиктирүү кыйынчылыкка турат. Дегеле нандын кандай пайдасы бар жана кайсынысы пайдалуу же зыян, нанды кантип тандоо керек экенин чогуу иликтеп көрөлү. Нандын зыяны жана пайдасы тууралуу Нандын түрлөрү көбөйгөнү менен акыркы учурларда анын ден соолукка зыянын да белгилеп келишет. Нан […]

Сизге жагышы мүмкүн