Конфискациялаган мүлктөр жана акчалар бюджетке которулат

Автор

Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматы криминалдан конфискациялаган мүлктөрдү жана акчаларды бюджетке жана президенттин фондуна которот. Мындай маалыматты Камчыбек Ташиев Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

Ал каражат алгач УКМКнын депозиттик эсебине түшүп, андан кийин башка жактарга которулаарын айткан.

«Биз акчаларды жумшабайбыз, статистика гана жүргүзөбүз. Алынып жаткан акчалардын тыйынына, бир топчусуна дагы тийбегиле деп тапшырма бергенмин. Ким аны аткарбаса жумуштан кетет», — деди Камчыбек Ташиев.

Ошондой эле комитетте тартип катуу жана ишинде кемчилик кетиргендер дароо айдаларын, кечээ үч кызматкерди иштен бошотконун билдирди. Алардын бирөө 28 миң доллар пара алган болсо, бирөөсү инвестордун ири суммадагы акчасын башка тарапка өткөрүп берген.

Бөлүшүү:
Next Post

Мыктыбек Оролбай уулу: "Рафаэль менен беттешүүгө даярмын"

Кыргызстандык спортчу Мыктыбек Оролбай уулу 19-ноябрда UFCде биринчи беттешин өткөрүп, 2-раундда сербиялык Урос Медичти жеңип алды. Кыргыз мушкери беттештен кийин Чикагого барып, жердештери менен жолугушкан. «Келишимге кол койгондон кийин үйгө телефон чалып, алар кабатыр болбошу үчүн мушташкандан 4 күндөн кийин байланышам дедим. Беттештен кийин дароо телефон чалсам, алар ыйлап жатышты. […]

Сизге жагышы мүмкүн