Мыктыбек Оролбай уулу: “Рафаэль менен беттешүүгө даярмын”

Автор

Кыргызстандык спортчу Мыктыбек Оролбай уулу 19-ноябрда UFCде биринчи беттешин өткөрүп, 2-раундда сербиялык Урос Медичти жеңип алды.

Кыргыз мушкери беттештен кийин Чикагого барып, жердештери менен жолугушкан.

«Келишимге кол койгондон кийин үйгө телефон чалып, алар кабатыр болбошу үчүн мушташкандан 4 күндөн кийин байланышам дедим. Беттештен кийин дароо телефон чалсам, алар ыйлап жатышты. Алар менин бул жөнүндө кыялданганымды жана максатыма жеткенимди билишкен. Валентина Шевченко беттештин алдында жана кийин телефон чалып куттуктады. Рафаэль Физиев мени менен байланышкан жок. Кудай буйруса Рафаэль менен октагондо кезигебиз, мен даярмын», — деди Мыктыбек Оролбай уулу Элнура Молдокадырова менен болгон маегинде.

Бөлүшүү:
Next Post

Украинада мобилизация боюнча жаңы мыйзам даярдалды

Украинанын Жогорку Радасы мобилизация боюнча жаңы мыйзамды даярдап жатат. Бул тууралуу Украина парламентиндеги “Элдин кызматчысы” фракциясынын башчысы Давид Арахамия Telegram баракчасында билдирди. Депутаттын айтымында, документте ротация жана демобилизация кандай жүргүзүлөөрү, ошондой эле Украинанын Куралдуу күчтөрүнө (АКК) канча жаштагы адамдар чакырыла тургандыгы тууралуу маалымат камтылышы керек. Фракция башчысы белгилегендей, мыйзам долбоору […]

Сизге жагышы мүмкүн