Казакстанда шахтадагы кырсыкта каза болгондор 46га жетти

Автор

Казакстандын Караганды облусундагы Костенко атындагы шахтада каза болгондордун саны 46га жетти.

Акыркы шахтёрдун сөөгү Костенко шахтасынан  30-октябрда эртең менен табылды.

Караганда облусундагы Костенко шахтасында 28-октябрга караган түнү жарылуу болгон. Кырсык учурунда жер астында 252 кенчи болгону, алардын 206сы өз алдынча чыгып кеткени кабарланган. Калгандары сыртка чыга албай калган.

Шахтадагы жарылууга байланыштуу Казакстанда 29-октябрь – жалпы улуттук аза күтүү күнү деп жарыяланган.

Бөлүшүү:
Next Post

Камчы Көлбаевдин кылмыштуу тобу Сапар Исаковго белекке автоунаа берген

Жок кылынган Камчы Көлбаевдин тобундагы адамдар 2020-жылы экс-премьер министр Сапар Исаковго брондолгон «Мерседес-Бенц S600» унаасын белекке беришкен. Мындай маалыматты УКМК таратты. Оперативдүү иш аракеттин натыйжасында, грек-рим күрөшү боюнча спортчу Мурат Рамонов кылтакка илинди. Ал Камчы Көлбаевдин мыйзамсыз жол менен тапкан (опузалоо, рэкет, ишкерлерден «салык» алуу, баңгизат сатуу) мүлктөрдүн мыйзамдуулугун көрсөтүү […]

Сизге жагышы мүмкүн