Армения Евробиримдикке мүчөлүккө даяр экенин билдирди

Автор

Армения парламентинин спикери Ален Симонян республика Евробиримдик менен мамилени тереңдетүүгө, ал тургай Евробиримдикке мүчө болууга талапкер болууга даяр экенин билдирди. Ал Армения аны максималдуу коопсуздук менен камсыз кыла турган жолго түшүүгө даяр экенин кошумчалады. “Биздин коопсуздугубуз демократиялык система менен тыгыз кызматташып, демократиялык өлкө болуу деп эсептейбиз”,-деди парламенттин спикери.
22-февралда Армениянын премьер-министри Никол Пашинян француз телеканалына берген маегинде өлкөсүнүн ЖККУга катышуусун тоңдуруп жатканын билдирген. Кийинчерээк Жамааттык Коопсуздук Келишим Уюмунун катчылыгы Пашиняндын билдирүүсүнө комментарий берип, уюмга мүчөлүгүн токтотуу боюнча Ереван тараптан эч кандай билдирүү болбогонун кабарлады.

Бөлүшүү:
Next Post

Сооронбай Жээнбековду кол тийбестигинен ажыратууга аз калдыбы?

Экс-президент Сооронбай Жээнбековду кол тийбестигинен ажыратуу боюнча көтөрүлгөн демилге депутаттар арасында колдоого алынып жатканы кабарланууда. Бул маселени парламенттин жалпы жыйынына алып чыгуу үчүн 31 депутат колдошу керек. Демилгенин автору депутат Акылбек Түмөнбаев Сооронбай Жээнбековду кол тийбестик макамынан ажыратууну былтыркы жылдан бери көтөрүүдө. 2020-жылдагы октябрь окуяларынан кийин Сооронбай Жээнбеков ыктыярдуу түрдө […]

Сизге жагышы мүмкүн