Камчы Көлбаевдин кылмыштуу тобу Сапар Исаковго белекке автоунаа берген

Автор

Жок кылынган Камчы Көлбаевдин тобундагы адамдар 2020-жылы экс-премьер министр Сапар Исаковго брондолгон «Мерседес-Бенц S600» унаасын белекке беришкен. Мындай маалыматты УКМК таратты.

Оперативдүү иш аракеттин натыйжасында, грек-рим күрөшү боюнча спортчу Мурат Рамонов кылтакка илинди. Ал Камчы Көлбаевдин мыйзамсыз жол менен тапкан (опузалоо, рэкет, ишкерлерден «салык» алуу, баңгизат сатуу) мүлктөрдүн мыйзамдуулугун көрсөтүү максатында аларды өз атына каттатып, аларды кээ бир саясатчыларга берип турган.

«Тактап айтканда, 2020-жылдын октябрь айында Мурат Рамонов 2015-жылы чыгарылган «Мерседес-Бенц S600» брондолгон унаасын мурдагы премьер-министр Сапар Исаков абактан чыккандан кийин ага өткөрүп берген. Андан кийин 2020-жылдын 5-октябрында Сапар Исаков айрым саясатчылар менен биргеликте бул унааны борбордук «Ала-Тоо» аянтында массалык баш аламандык уюштуруу аракетинде колдонгон», — деп айтылат маалыматта.

2020-жылдагы төңкөрүштөн кийин  «Ала-Тоо» аянтында Алмазбек Атамбаев менен Садыр Жапаровдун тарапташтарынын ортосунда жаңжал чыккан. Алмазбек Атамбаев менен Сапар Исаков брондолгон унаа менен аянттан кетип жатканда тапанча менен ок чыгарылган.

УКМК ошол брондолгон «Мерседес-Бенцти»  Камчы Көлбаевдин кылмыштуу тобу Сапар Исаковго бергенин кабарлады.

Бөлүшүү:
Next Post

Бүгүн “Алтын топ -2023” сыйлыгы тапшырылат

Дүйнөнүн мыкты футболчусуна бериле турган «Алтын топ»  сыйлыгы бүгүн, 30-октябрда  тапшыруу аземини өтөт.  Бул тууралуу  “France Football” журналынын Twitter баракчасына жарыяланды. Маалыматка ылайык, 2022/23-сезондун мыкты футболчусуна “Алтын топту” тапшыруу аземи  Париждеги Шателет театрында өтөт. Белгилей кетсек, сыйлыкка 30 талапкер ат салышууда Кээ бир маалымат каражаттарына ылайык, сыйлыктын эң мыкты он […]

Сизге жагышы мүмкүн