Израил-ХАМАС: Бири-бирин айыптады

Автор

Израилдин Коргоо күчтөрү Газа тилкесинин түндүгүндө ХАМАС согушкерлеринин атышууларынан бир нече жоокер жеңил жарадар болгонун билдирди.
Израил армиясы 28-ноябрдагы окуяны макулдашылган ок атышууну токтотуу линияларында болгонун билдирүүдө.
Өз кезегинде палестиналык ХАМАС тобу Израилди Газадагы ок атышпоо келишимин одоно бузуп жатканга айыптады.
Газада ок атышпоо режими 24-ноябрда эртең менен иштеп, төрт күнгө созулду. Келишимге ылайык, ХАМАС барымтадагы 50 кишини, ал эми Израил абактагы 150 палестиналыкты бошотушу керек болчу. 27-ноябрда тараптар элдешүү мөөнөтүн дагы эки күнгө узартууну макулдашкан. Бул убакыттын ичинде ХАМАС барымтадагылардын арасынан дагы 20 аял менен баланы бошотууга тийиш.

Бөлүшүү:
Next Post

Депутаттар тууну өзгөртүү боюнча мыйзам долбоорун 1-окууда колдоду

Бүгүн, 29-ноябрда Кыргызстандын мамлекеттик туусун өзгөртүү боюнча мыйзам долбоорун Жогорку Кеңештин депутаттары биринчи окууда жактырды. Жыйында долбоордун авторлорунун бири, депутат Улан Примов баяндама жасады. Желектин сунушталган вариантында туунун нурлары тик чачырап, түндүктүн ортосундагы чамгарагы үчтөн төрткө көбөйтүлүп жатат. Эске салсак, быйыл сентябрда «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик символдору жөнүндө» мыйзамга өзгөртүү киргизүүнү […]

Сизге жагышы мүмкүн