Израил аскерлери Газадагы парламентти ээлеп алышты

Автор

Израил аскерлери Газа шаарындагы парламенттин имаратын көзөмөлгө алды.  Палестиналык ХАМАС кыймылынын мыйзам чыгаруу кеңешинин имаратындагы аскер кызматкерлеринин сүрөттөрү маалымат каражаттарында жарыяланды. ХАМАСтын мүчөлөрү 2007-жылдан бери Газадагы Палестинанын Мыйзам чыгаруу кеңешинин имаратында чогулуп келишет.
Израилдин Коргоо күчтөрү 13-ноябрда ХАМАС Газа тилкесинин түндүгүндө аскердик түзүм катары жок экенин жарыялады.  Израилдин Коргоо министрлигинин башчысы Йоав Галант Израилдин аскерлери анклавдын борбору Газа шаарын толук көзөмөлгө алганын билдирди.

Бөлүшүү:
Next Post

 Абдыкадыровду "Алтын төш белгиси" менен узатышты

Бишкек шаардык мэриясынын жамааты борбор калаанын мурдагы мэри Эмилбек Абдыкадыровду ардактап, “Алтын төш белгиси” менен  узатышты. Бишкек мэри Айбек Жунушалиев жана Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы Кубанычбек Конгантиев Эмилбек Абдыкадыровду борбор калааны өнүктүрүүдө – жалпы билим берүүчү жана социалдык мекемелерди курууда, автобустарды ишке киргизүү жолу менен транспорттук көйгөйлөрдү чечүүдө, турак-жай конуштарын […]

Сизге жагышы мүмкүн