Жусупбек Коргонбай уулу депутаттык мандатынан ажырады

Автор

Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн өзү жазган арыздын негизинде депутат Жусупбек Коргонбай уулунун ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту. Бул тууралуу Боршайкомдон билдиришти.
Эл өкүлүнүн мандатын тапшыруу боюнча арызын 23-апрелде Боршайкомдун мүчөлөрү бир добуштан колдоп, анын депутаттын күбөлүгү жараксыз деп табылды.
Жусупбек Коргонбай уулу Ноокат шайлоо округунан шайланып келген болчу. Эми президенттин жарлыгынын негизинде эки айдын аралыгында аталган округда кайра шайлоо өтүшү керек.

Бөлүшүү:
Next Post

24-апрелдеги аба ырайы

24-апрелде түнкүсүн Ысык-Көл облусунун көпчүлүк аймактарында, Чүй, Ош, Жалал-Абад, Нарын облустарынын айрым жерлеринде мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөйт. Ысык-Көл облусунун айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаайт. Ал эми күндүз Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Баткен облусунун айрым жерлеринде, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда мезгил-мезгили менен […]

Сизге жагышы мүмкүн